Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 09.10.2019 17:50 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыковдун кезектеги сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрь күнү Ош шаардык сотунда өткөн отурумда белгилүү болду.

Бүгүнкү отурумда шектүү М.Калыковдун жактоочулары судьяга 3 өтүнүч келтиришкен. Учурда кезектеги сот отуруму кайсы күнгө жылдырылганы белгисиз. Маалыматты М.Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова да тастыктады.

«Бүгүнкү протоколдор Ош облустук сотуна жөнөтүлсө, алар мыйзам чегинде 25 күндүн ичинде бөгөт коюу чарасын карап чыгыш керек. Протоколдор кайра шаардык сотко жөнөтүлсө, отурум уланат», - деди Д.Калыкова.

Ал эми шектүүнүн жактоочусу Жазык-процесстик кодекстин мыйзамдары бузулганын айтууда.

«Жактоочуларга, айыпталуучуга айтпай прокурор менен судья Мелис Калыковдун бөгөт коюу чарасын, камакта калтыруунун мөөнөтүн узартып коюшкан. Бул тууралуу биз кечээ, 8-октябрда билип, ошол токтомду алып, судьядан кайра карап чыгууну сурандык. Соттун башталганына 11 ай болду», - деди Мелис Калыковдун жактоочусу Асылбек Күңгуров.

Маркум А.Мамажакыповдун атасы М.Калыковдун жактоочуларына нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, жактоочулар сот отурумун атайын созуп жатышат.

«Сартпай Жайчибеков жана Асылбек Күңгуровдун ишине нааразымын. Анткени алар ишти жаңы жылга чейин созуп жатышат. Мына 17-ноябрда баламдын өлгөнүнө бир жыл болот. Канча жолу сот отурумуна келдик, жыйынтык жок», - деди Кубатидин Мамажакыпов.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)
10.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео
19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
11.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокуратуранын бөлүм башчысы маркумду бут кийиминен тааныганын айтты. Видео
15.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Жактоочулар күбөнүн М.Калыковдун үйүнүн короосуна кирип-кирбегенине кызыгышты. Видео
16.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Эксперт маркумдун башына атылган ок тууралуу айтып берди. Видео
23.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Маркумдун атасы соттон тезирээк чечим чыгарууну өтүндү. Видео
24.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео
25.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: 13 күбөнү сотко мажбурлап алып келүү сунушталды
05.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумуна журналисттер киргизилген жок
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты
07.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Видео
13.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун 2 жактоочусу сот отурумуна келген жок
15.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков ачкачылык кармоону токтотту
22.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму жылдырылды
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×