Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 08.10.2019 18:06 На русском

Чек арадан өтүү үчүн 5 саат кезек күткөн 90 жаштагы карыя эс-учун жоготуп, ооруканага түштү. Видео

«Достук» өткөрмө бекети
«Достук» өткөрмө бекети

Turmush -  Кыргыз-өзбек чек арасындагы кезек күтүп жаткан 90 жаштагы карыя эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуя кечээ, 7-октябрь күнү Ош шаарындагы «Достук» көзөмөл өткөрүү бекетинде болгон. Кезек күткөндөрдүн айтымында, алар чек арадан өтүү үчүн 4-5 саат убакыт коротушат. Алар мындай кырдаал кыргыз чек ара кызматкерлеринин жакшы иштебегендигинен түзүлгөнүн билдиришти.

Күбөлөр Өзбекстандын Наманган облусунан Ош облусуна келе жаткан 90 жаштагы аксакал кезегин 5 саат күткөндүктөн эс-учун жоготконун айтышууда. Карыянын кызы Зарипа чек арачылар аларга орой мамиле жасап, акча алгандан кийин чек арадан өткөрүшөрүн айтууда.

«Мен өзүм Ошто төрөлгөм, Өзбекстанга келин болуп баргам. Биз чек арадан көп өтөбүз. Бул жерде кезек күтүү көп болот. Бүгүн атам экөөбүз Намангандан Ошко келе жатканбыз. Бул жердеги кезек күтүү 5 саатка созулуп кеткендиктен 90 жаштагы атам эс-учун жоготуп, ооруканага алып кетишти. Бул жердеги кызматкерлер 1000 сом алып, чек арадан өткөрүшөт»,- деди Зарипа.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева жергиликтүү тургундар акча алган кызматкердин үстүнөн арыз жазса, кызматкердин үстүнөн иликтөө башталарын айтты.

«Бизге кызматкерлердин акча алып жаткандыгы боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Чек арадан өтүп жаткандар курулай сөз менен эмес, далилдер менен келип, арыз жазышса, кызматкердин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Биздин ар бир кызматкерде бейджик бар, анда аты-жөнү жазылган. Кезек күткөндөр көп болуп жатат. Быйыл Ош—Андижан маршруттук каттамы ачылган. Учурда 10 оператор иштеп жатат. Ага карабай кезек күткөндөрдүн саны көп», - деди С.Чоколоева.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Ош—Андижан маршруттук каттамы ачылганына байланыштуу «Достук» көзөмөл өткөрүү пунктунан өткөн адамдардын саны көбөйгөн.

«Эс алуу күндөрү чек арадан өткөндөр адамдардын саны 18 миңден 24 миңге чейин жетет. Көзөмөл өткөрүү бекетинде паспорт текшерүүчү 22 жай бар. Алардын жарымы Кыргызстанга кирчү аймакта, жарымы чыга турчу аймакта жайгашкан. Ошондой эле 3 жай Ош—Андижан жана Андижан—Ош каттамынын жүргүнчүлөрүн тейлейт», - деп айтылат Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош—Андижан эл аралык каттамы чек арадагы кезек күтүү маселесин чечпегенин жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Ош—Андижан маршруттук каттамы 25-сентябрда ачылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×