Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 08.10.2019 14:49 На русском

Видео: Ош—Андижан каттамы ачылганы менен чек арадан өтүү убактысы кыскарган жок, - тургундар

Turmush -  Ош—Андижан эл аралык каттамы чек арадагы кезек күтүү маселесин чечкен жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Ош—Андижан маршруттук каттамы 25-сентябрда ачылган. Ош шаарынын автобекетинен күнүгө 20 мүнөт сайын 1 кичи автобус Андижанга (Өзбекстандын Андижан облусундагы шаар) каттамак. Андижандан Ошту карай дагы дал ушундай тартип менен кичи автобустар келмек. Айдоочу Рафык Иминовдун айтымында, жаңы каттам ачылгандан кийин эки өлкөгө кирип-чыккандардын саны өстү.

«Ошто 6 унаа уюштурулган. Андижанда дагы 6 кичи автобус каралган. Бир кичи автобус күнүнө 3 ирет каттайт. Жол кире бир адамга 100 сом», - деди ал.

Буга чейин Ош—Андижан каттамы ачылгандан кийин чек арадан өтүүнүн жол жобосу дагы жеңилдетилгендиги айтылган. Бирок айрым жүргүнчүлөр Кыргызстандын чек ара кызматкерлерине нааразы.

«Мен Ошто жашайм. Андижанга туугандарыма барып келип турам. Өзбекстандын чек арачылары паспортко мөөр басып, өздөрүнүн ишин так аткаргандыктан кезек күтүү болбойт. Биздин көзөмөл өткөрүү бекетинде документтерге мөөр баскан 2 эле оператор иштеп жатат. Өзбекстанда 5-6 оператор иштейт. Оштогу "Достук" көзөмөл бекетинен өтүү көп убакытты алууда. Ош—Андижан каттамы ачылгандан кийин кичи автобустардын жүргүнчүлөрүн карай турган бир оператор болуш керек болчу. Чек арадан өтүүгө 3-4 саат убактыбыз кетип жатат. Каттам ачылганы менен кезек күтүүнүн убактысы азайган жок», - деди Ош шаарынын тургуну Хасятхан Абдрахманова.

Ал эми Ош аймактык автотранспорт башкармалыгынын башчысы Эмил Умаровдун айтымында, кичи автобустардын жүргүнчүлөрү чек арадан кезексиз өтүүгө тийиш.

«Чек арадагы кызматкерлер жүргүнчүлөрдү кантип өткөрүп жатканына жооп бере албайбыз. Бул каттамдын ачылышынын максаты — элди тезирээк дарегине жеткирүү. Башкача айтканда Ош автобекетинен Андижандын автобекетине чейинки аралыкты камсыздоо», - деди Э.Умаров.

Буга чейин Turmush басылмасы эл аралык Кызыл-Кыя—Фергана каттамы ачылганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×