Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 08.10.2019 08:52

23 жашында «Билим берүүнүн мыктысы» аталып, министрдин тууганы делген Бактыгүл Жапар кызы ким?

Бактыгүл Жапар кызы
Бактыгүл Жапар кызы

Turmush -  Ош шаарында 23 жаштагы география мугалими «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Социалдык тармактарда анын сыйлыгы талкууга алынды.

Мугалимдер күнүнө карата Ош шаарында айрым билим берүү кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылган. 8 мугалимге Билим берүү министрлигинин ардак грамотасы тапшырылса, 8 мугалимге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылган. Алардын ичинде шаардагы №50 орто мектептин 23 жаштагы мугалими Бактыгүл Жапар кызы төш белги менен сыйланган. Социалдык тармактарда жаш мугалим билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун тууганы деген пикирлер айтылууда.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы социалдык тармактын колдонуучуларынын айткандарын четке какты.

«Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында 3 жылдан бери эмгектенет. Жогорку окуу жайда бюджеттик негизде билим алган Бактыгүл Жапар кызы аталган мектепке иштегени келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүнүн предмети боюнча шаарыбызда эң алдыңкы орунду ээлеген. Аны менен катар 2018-2019 окуу жылында “Жаш мугалим-2019” кароо-сынагында баш байгени жеңип, башкармалыктын ардак грамотасы жана кубогу менен сыйланган. Бактыгүл Жапар кызы буга чейин Ош шаардык мэриясынын, шаардык кенештин, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазычылык каты менен да сыйланган. Бактыгүл Жапар кызынын Билим берүү жана илим министри К.А.Исаков менен эч кандай туугандык байланышы жок», - деп айтылат Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында.

Ал эми жаш мугалим эмгектенген мектептин директору Жамал Убайдуллаева Бактыгүл Жапар кызын эмгек жамааты менен шаардык билим берүү башкармалыгына өздөрү сунуштаганын айтты.

Буга чейин «Билим АКИpress» басылмасы 23 жаштагы жаш мугалимдин ийгилиги жөнүндө жазган. Анын «Билим Акипресс» басылмасына берген маегин бул шилтемеден окуңуз.

Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы «Жыл мугалими-2019» жана «Жаш мугалим-2019» сынактарынын жеңүүчүсү.

«Мугалимдик кесипти аркалап баштаганыма 3 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыганда көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетүүгө аракет кылдым. Эмгек текке кеткен жок. Ушул жакка келип, сыйлык алып жатканыма сыймыктанып жатам. Чынында, күткөн эмесмин. Оштогу "Жылдын мыкты мугалими" сынагын жеңгенде Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына ээ болгом. Эми «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тагындым. Азыр аябай толкунданып, мугалим болгонума дагы бир ирет сыймыктанып отурам», - деп сезимдери менен бөлүшкөн жаш мугалим.

«Өзүм Алайдын Корул айылында төрөлүп-өскөм. Мектептеги мугалимдеримен таасирленип, мугалим болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө географиядан олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алчумун. Сабак берген эжейимдин аты да Бактыгүл эле. Ошондон улам классташтарым да "Бактыгүл эже болосуңбу?" дешчү, "ооба" деп жүрүп, география мугалими болуп калдым.

Мектепти бүткөндөн кийин ОшМУнун география жана табият таануу факультетине тапшыргам. Окууну бюджеттик негизде бүткөндүктөн, №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясына 3 жыл иштеп берүүгө бөлүнгөм. Бул мектеп — алгачкы иштеген мектебим, кесиптештериме да жакын болуп калдым. Окуучулар менен тил табышып, өз предметимди жакшылап окутууга аракет кылам. Азыр заман талабына жараша жаңы ыкмаларды, жаңы технологияларды колдонуп сабак өтөм», - деген Бактыгүл.

Бактыгүл «Жыл мугалими» сынагына кантип катышып калганы тууралуу да айтып берген.

«Жаңы жумушка орношкондо бул сынакты көрүп, аябай катышкым келген. Бирок "стажым жок, окуучуларымды олимпиадага чыгарып, жыйынтык көрсөтөйүн" деп, катышкан жокмун. Кийинки жылы алдын-ала даярдана баштадым да, жетекчиликке "сынакка катышайын" деп сунуштадым. Мугалимдер колдошту. Өзүм аябай ниеттенип, аракет кылдым, күнү-түнү даярдандым. Бул — аракетибиздин жыйынтыгы деп ойлойм.

Окуучуларды олимпиадага даярдап, алар шаардык этапта байгелүү орундарга жетишти. Ош шаарында "Мугалимдердин диагностикалык аттестациясы" бар. Анда мугалимдер тест тапшырабыз. Өзүмдүн предметимди билүү боюнча алдыңкы ондуктун 2-сабында турам», - деген Бактыгүл Жапар кызы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×