Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 07.10.2019 15:09

Үйлөнгөн жигит жашырынып башка келин менен жашап жүргөн. Жубайы бычактаган бейтаптын абалы кандай?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында жубайы бычактагандан кийин ооруканага түшкөн жигиттин абалы туруктуу. Учурда басып жүрөт. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынан билдиришти.

Ушул жылдын 30-сентябрь күнү Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.И.ни өзүнүн жубайы кызганычтын улам бычактаган. А.И. ошол эле күнү Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, көкүрөгүнө операция жасалган.

Буга чейин Turmush басылмасы 1995-жылы туулган А.И. аялы менен эки жылдан бери чогуу жашап келгенин жазган.

«Аялынан жашырынып, башка келин менен жашап жүргөн. Аны билип калган аялы кызганычтын айынан өз үйүндө жолдошунун көкүрөк тарабына бычак сайган», - деп билдиришкен өздүк булактар.

Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктап, милицияга 30-сентябрда тез жардам кызматы тарабынан адамга бычак сайылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөнүн билдиришкен.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, А.И.нин жашаган үйүнө кароо жүргүзгөн учурда короонун сыртынан табылган эки даана ашкана бычагынан, короонун ичиндеги бастырмадан табылган бир даана ашкана бычагынан, бир даана уюлдук телефондон кандын тактары алынган. Ыкчам тергөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары өзүнүн аялы — 1996-жылы туулган Т.А. кармалып, 1-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×