Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 07.10.2019 13:50 На русском

Оштогу кырсык: Айдоочу унаа башкарып бара жатканда каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында автоунаасын башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кечээ, 6-октябрда саат 10:30да Шакиров көчөсүндө Ош шаарынын 1960-жылы туулган тургуну С.А. өзүнүн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, кокусунан жүрөк оорусу кармап калган. Анын кесепетинен айдоочу жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн жана окуя болгон жерден каза болгон.

Кырсык Ош ШИИБ тарабынан тергелип, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×