Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 07.10.2019 09:46

Ошто айнеги караңгылатылган унааларга рейд жүрүүдө

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунда жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ош облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 3-октябрь күнү «Бирдиктүү алдын алуу күнү» уюштурулду. Кара-Суу РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор жана ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте эртең менен мектептердин алдында окуучуларды чоң жолдон өткөрүшүп, аларга жол эрежелерин түшүндүрүштү. Андан сырткары автобекеттерде айдоочулар арасында жол эрежелерин сактоо, ошондой эле адамдар көп чогулган жайларда, базарларда, коомдук жайларда ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. ЖКККБнын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын айдоочулары менен да жолугушту.

Учурда Ош облусунда 1 айлык «Караңгылатылган айнек» аталышындагы рейд жүрүп жатат.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×