Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 06.10.2019 10:29

Ошто криминалдык милиция кызматынын 101 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Кечээ, 5-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгында криминалдык милиция кызматынын 101 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Салтанаттуу жыйынга криминалдык милиция кызматынын ардактуу эс алуудагы ардагерлери жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы катышты. Алгач Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп, Ички иштер министрлигинин буйруктары окулду. Буйруктун негизинде ардагерлер жана өз милдетин мыкты аткарган кызматкерлер министрликтин медалдары жана кезектеги аскердик чиндери менен сыйланды.

Сыйлыкты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов тапшырды. Укук коргоо органдарынын ыкчам кызматтарынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Чубак Жуманалиев аталган коомдун атынан ардагерлерди баалуу сыйлыктар жана төш белгилер менен сыйлады.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгында криминалдык милиция кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кылым карыткан кызматтын кыраакы кызматкерлерин куттуктоо үчүн башкармалыкка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов келишти. Алар майрам ээлерине жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин ыроолошуп, кесип ээлеринин коомдук коопсуздукту сактоого кошкон салымдарынын өзгөчө маанилүү экендигине токтолушту. Шаар жетекчилери салтанаттуу түрдө өздүк курам алдында кызматында артыкчылык көрсөтүшкөн кызматкерлерге шаар бийлигинин сыйлыктарын тапшырышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Боронов өз сөзүндө бүгүнкү криминалдык милиция кызматы улуу муундун салтын улап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ар дайым тайманбастык, чечкиндүүлүк жана башкысы кесипкөйлүк менен мамлекет тарабынан жүктөлгөн милдетти ар дайым так аткарууга даяр экендигин билдирди.

1918-жылы 5-октябрь күнү революциялык тартиптик эрежелерди сактоо, бандитизм менен күрөшүү жана кылмыштуу мүнөздөгү кылмыштарды иликтөө максатында Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын «Кылмышкерлерди иликтөө бөлүмүн уюштуруу жөнүндө» жобосу кабыл алынган. Ушул документ совет милициясынын кылмышкерлерди иликтөө кызматынын түзүлүшүнө юридикалык негизи болуп саналган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө кызматы 1924-жылы 5-октябрда түзүлгөн. Ош округунда кылмышкерлерди иликтөө кызматын 1925-жылы 1-майда уюштуруу иштери башталып, 22-май күнү толугу менен түзүлүп бүткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×