Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 20:30

Ош шаарына 3019 жыл: «Ак-Ниет» сейил багы пайдаланууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош калаасы 3019 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Шаар күнүнө карата Т.Кулатов кичи районундагы «Ак-Ниет» сейил багы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда пайдаланууга берилип, кызыл тасмасы кесилди.

Ачылыш аземге өкмөт башчыдан тышкары Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, студенттер, жергиликтүү тургундар катышты. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шумкар Пайзиевдин айтымында, сейил багын курууга 28 млн 500 миң сом каражат сарпталган.

«Шаар мэри тургундар менен жолугушканда алар эс алуу жайы болушун каалашкан. Ошентип курулуштар сүрдүрүлүп, узундугу 850 метр, туурасы 25 метр болгон эс алуу жайы курулду. Курулуш 4 ай мурун башталып, бүгүн пайдаланууга берилип отурат. Атайын кут дарагы (павлония) эгилди. Жалпы тендердик баасы 28 млн 500 миң сомду түздү», - деди Ш.Пайзиев.

Жашоочулардын бири Өмүрзак Раимжановдун айтымында, буга чейин тургундар эс алуу үчүн башка жайларга барууга аргасыз болуп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×