Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 16:19

Ош шаарына 3019 жыл: Салбуурундун түрлөрү көрсөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаардын борбордук аянтында Салбуурун федерациясынын түштүктөгү спортчулары кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан салттуу салбуурундун бүркүт салуу, тайган жарыш, жаа атуу, далба ойнотуу түрлөрүн тартуулашты.

Салбуурун федерациясынын түштүк регионундагы жетекчиси Роза Сатканкулованын айтымында, жаачылардын кичүүсү 9 жашта бала болсо, улуусу 60 жашта. Мүнөшкөрлөр бүркүт, ителги алып келишсе, тайганчылар 8 тайган алып келишкен.

«Салбуурун федерациясынын түптөлгөнүнө 15 жылдай болуп калды. Федерация жетекчиси жаачы, кушчу, ителги жана тайган кармагандарды чогултуп, унутта калып бараткан өнөрдү жандантты. Түштүк регионунда жай өнүккөн. Алгачкы жылдары оюнга катыша тургандар жок болчу.

Жаа атканга кызыккандар бизге жаа атуучу жабдыктарын алып келсе бекер үйрөтөбүз. Ал жабдыктын өзү 40-50 миң сом болот. Өзүм ички иштер органында иштейм. Жаа атууга кызыгам. Федерация түптөлгөндөн бери эле мелдештерге катышып келем. Азыркы майрамга 8 тайган, 2 бүркүт, 2 ителги алып келинди», - дейт Роза Сатканкулова.

Ошондой эле, А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси, таанымал гимнаст Аида Акматова өз өнөрүн тургундарга жана шаардын меймандарына тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×