Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 15:13

Ош шаарына 3019 жыл: Боорсоктон Сулайман-Тоо жасалды

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош шаары 3019 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Майрамга карата «Боорсок» жармаңкеси да өтүүдө. Ага мектеп мугалимдери, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышууда. Анда сатуучулар боорсоктун түрүн жасап, шаар тургундарына жана келген меймандарга сатып жатышат.

Жармаңкеде №12 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектебинин кызматкерлери чоң боорсокко өздөрүнүн мектебинин көрүнүшүн түшүргөн жана боорсоктордон Сулайман-Тоонун элесин чагылдырган тоо жасашкан. Аталган мектептин мугалими Гулжараханым Абдалимова боорсоктун 30 түрүн жасап келишкенин айтты.

«Бүгүн бизде мугалимдердин да, шаарыбыздын да күнү болуп кош майрам белгиленип жатат. Кубануу менен “Боорсок” жармаңкесине катышып жатабыз. Жармаңкеге 30 түрлүү боорсокту жасадык. Негизи боорсоктун 200гө жакын түрү бар», - деди Гулжараханым Абдалимова.

Сулайман-Тоонун элесин түшүрүү үчүн боорсокторду жашыл түскө боешкон. Мындан сырткары боорсоктон гүл да жасашкан.

Жармаңкеден боорсоктун 60тан ашуун түрлөрүн көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×