Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 14:51

Ошто өрттөнгөн кафе боюнча тергөө иштери башталды

Turmush -  Өрттөнгөн «Аль-Мансур» кафеси боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү саат 01:15те милицияга өрт өчүрүү кызматынан Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Аль-Мансур» кафесинен өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ошол жерде топтолгон жарандардын коопсуздугун карашкан.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүмү (бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) менен катталган. Өрт чыккан аймакка сырттан кароо жүргүзүлүп, күбөлөр суралышкан. Өрт кырсыгы боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалган. Учурда алгачкы тергөө иштери жүргүзүлө баштады.

Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

ӨКМден билдиргендей, «Аль-Мансур» кафесинен чыккан өрт саат 02:37де толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×