Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 13:22 На русском

Ошто экинчи аялын билип калган жаш келин күйөөсүнө бычак сайды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургунуна өз аялы кызганычтын айынан бычак сайган. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, 1995-жылы туулган А.И. аялы менен эки жылдан бери чогуу жашап келген.

«Аялынан жашырынып, башка келин менен жашап жүргөн. Аны билип калган аялы кызганычтын айынан өз үйүндө жолдошунун көкүрөк тарабына бычак сайган. А.И. Ош облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген», - деп билдиришти өздүк булактар.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктап, милицияга 30-сентябрда тез жардам кызматкери тарабынан адамга бычак сайылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, А.И.нин жашаган үйүнө кароо жүргүзгөн учурда короонун сыртынан табылган эки даана ашкана бычагынан, короонун ичиндеги бастырмадан табылган бир даана ашкана бычагынан, бир даана уюлдук телефондон кандын тактары алынган. Ыкчам тергөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары өзүнүн аялы — 1996-жылы туулган Т.А. кармалып, 1-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×