Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 12:55 На русском

Ошто мейманканага келген келин көп өлчөмдө дары ичип алды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарындагы мейманканалардын биринде 35 жаштагы келин көп өлчөмдө дары ичип, ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 4-октябрь күнү Ош шаарындагы мейманканалардын биринде 35 жаштагы келин көп өлчөмдө дары ичип алган. Бул маалыматты Ош ШИИБден тастыктап, учурда ал эмнеден улам дары ичип алганы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Кечээ, 4-октябрда саат 16:00 чамасында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1984-жылы туулган тургуну мейманканага келип, көп өлчөмдө дары ичип, Ош облустук бириктирилген ооруканасына түшкөн», - деди аталган түзүмдөн.

Мейманканадан билдиришкендей, дары ичкен келин Россияга кетем деп жүктөрү менен келген. Аны мейманканадан кайын иниси дары ичкендигин уккандан кийин алып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×