Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 11:00 На русском

Ош шаарына 3019 жыл: Гүлдөрдүн жармаңкеси өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош шаары 3019 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Майрамга карата гүлдөрдүн жармаңкеси, «Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу кароо-сынагы, боорсок фестивалы, салбуурун оюну, «Күз берекеси» аттуу айыл чарба жармаңкеси, Т.Кулатов атындагы кичи райондогу аллеянын ачылышы, А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программада гала-концерт өтөт. Концертке кыргыз эстрадасынын жылдыздары, Өзбекстандын белгилүү ырчылары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат.

Учурда борбордук аянттын жанында жармаңкелер өтүүдө. Гүл жармаңкеси менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана башкалар таанышууда. Гүл жармаңкесине шаардагы 5 күнөскананын ээлери гүлдөрүн алып келген. Жармаңкеден гүлдөрдүн 50дөн ашуун түрлөрүн көрүүгө болот.

Мындан сырткары курулуш компаниялар да көп кабаттуу имараттардын макетин жасап, жармаңкеге алып чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×