Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2019 10:00 На русском

Ошто облустук казыяттын 14 млн сомго курулган жаңы имараты ачылды

Turmush -  Ош шаарында облустук казыяттын 3 кабаттуу жаңы имараты пайдаланууга берилип, кызыл тасмасы кесилди.

Кечээ, 4-октябрда облустук казыяттын имаратынын ачылышы болуп өттү. Ачылышка муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана жогорку кеңештин депутаттары, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышты. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, казыяттын имаратына 14 млн сом сарпталган.

«Негизинен бул имараттын курулуш ишин 2015-жылы президентибиз өзү капсула салып баштап берген. Бул үч кабаттуу имаратка жалпысынан 14 млн сом каражат кетти. 2 миң адамга ылайыкташкан жанындагы борбордук мечитти араб инвесторлору бүтүрүп беришти. Үч кабаттуу имараттын үчүнчү кабатында айымдар билим ала турган окуу борбору бар жана дин кызматкерлер билимин өнүктүрүүгө толук шарттар түзүлгөн», - деди Самидин кары Атабаев.

Ош облусу боюнча жалпы 856 мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×