Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 04.10.2019 18:04

Ошто окуучулар ууланган торттон оору чакырган бактерия табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында окуучулар ууланган торттон оору чакырган стафилококк бактериялары табылды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Светлана Шерматова билдирди.

Анын айтымында, окуучу жана алардын мугалимдери ууланган торт текшерилип, анын курамында стафилококк бактериялары бар экендиги аныкталып, торт жасоочу цех жабылган. Эгерде ишкер ишмердүүлүгүн улантса, ага 23 миң сом айып пул салынат. Мындан сырткары цехтин кызматкерлери да анализ тапшырышат. Оору алып жүргөн кызматкер жумуштан алынат.

---------------

Буга чейин Turmush басылмасы тортко ууланган окуучулардын ашказаны тазаланган суудан стафилококк бактериясы аныкталганын жазган.

«Ууланган окуучулар менен мугалимдердин абалы жакшы. Бүгүн ооруканадан чыгарылат», - деген 27-сентябрь күнү Ош шаардык балдар ооруканасынын башчысы Кайрат Абжалов.

---------------

Turmush басылмасы Ош шаарында 6 окуучу жана 2 мугалим тортко ууланып ооруканага түшкөнүн жазган.

Ош шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов окуучулар жана 2 мугалим 23-сентябрь күнү кечки саат 20:38де ооруканага кайрылышканын билдирген.

Ош шаарындагы Г.Айтиев орто мектебинин директору Миргүл Самиева аталган мектепте иштеген мугалим небересинин туулган күнүн белгилөө үчүн байкабастан мөөнөтү өтүп кеткен торт сатып алганын айткан.

«Биздин мектепте өз алдынча майрамдык иш-чараларды уюштурганга болбойт. Бир мугалим небересинин көңүлүн көтөрүп коеюн деп торт алып келиптир. Ооруканага түшкөн балдарды түнү менен карап жүрдүк. Бүгүн да кабар алып келдик. Ата-энелер доосу жок экенин айтышып, арыз жазышкан жок», - деген Н.Самиева.

Ал эми таттууларды жасаган цехтин ээси Наргиза Нематова 15 жылдан бери торт жасап сатат. Мындай окуя анын эмгек тажрыйбасында биринчи ирет болуп жатканын б илдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×