Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 04.10.2019 15:20 На русском

«Азаттыктын» оператору катышкан окуя: Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары чыкты

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында «Азаттык» радиосунун журналисттери катышкан окуя боюнча жабырлануучулардын соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу чыкты. Бул маалыматы Ош ШИИБ тастыктады.

Кечээ, 3-октябрь күнү «Азаттык» радиосунун оператору А.К.нын жана башына дрон түшүп кетти делген А.у.О.нун соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу чыкты. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын рентголог-дарыгери 1989-жылы туулган А.К.ны кароо учурунда денесинде эч кандай жаракаттар жана алардын издери байкалбагандыгын билдирген.

«Баш мээсинин жабык түрдөгү жаракаты, баш мээсинин чайкалышы — субъективдүү даттануунун негизинде коюлган. Ал белгилер тастыкталган жок. Бети, башына сокку болгон эмес», - деп айтылат корутундуда.

Ал эми нейротравматология бөлүмүн корутундусуна караганда, Кара-Суу районунун 1989-жылы туулган тургуну А.у.О. баш мээсинен жабык түрдөгү жаракат алган жана баш мээси чайкалган. Башынын оң бөлүгүндөгү терисинин астына кан уюп калган жана тытыктары бар.

«Азаттык» радиосунун оператору катышкан окуя боюнча тергөө иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Ошондой эле «Азаттык Медиа» мекемеси кылмыш ишти Ош шаарынан Бишкек шаарына которууну суранып Башкы прокуратура жана ИИМге кайрылды.

Сөз эркиндиги багытында иш алып барган «Медиа полиси институту» аталган окуяны милдетин аткарып жаткан журналистке кол салуу катары баалаган.

Turmush басылмасы «Азаттык» радиосунун журналисттери катышкан окуя боюнча милицияга жалпы 5 арыз түшкөнүн жазган.

28-сентябрда катталган арыздар боюнча «Азаттык» радиосунун кызматкерлери көрсөтмө беришкен. Далил буюм катары алынган видеоаппаратураларга экспертиза дайындалган.

Окуяга күбө болгон адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. «Азаттык» радиосунун операторун Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнө алып барган таксисттин дагы өздүгү аныкталып, көрсөтмө берди.

1-октябрда Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн 1977-жылы туулган тургуну М.Р. Ош ШИИБге арыз менен кайрылган. Ал үй-бүлөсү үчүн кооптонуп жаткандыгын, «Азаттык» радиосунун кызматкерлери менен уюшкан кылмыштуу топтордун байланышы болуп-болбогондугун аныктап берүүнү суранган. Ал үйүнүн видеосу уюшкан кылмыштуу топторго берилип-берилбегенин дагы тастыктап берүүнү суранган.

Ага чейин 30-сентябрь күнү дагы Ош шаарынын тургуну К.С. дагы бир жолу милицияга арыз менен кайрылып, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ы.И. андан ири суммадагы акча талап кылганын билдирген жана күбө катары 2 адамды ээрчитип келген. Анын арызы Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул иш боюнча мурда токтотулган кылмыш иши кайра жанданды. К.С.нын ушул жылдын 4-апрелинде дагы ушундай эле мазмундагы арыз менен милицияга кайрылган. Бирок далилдердин жетишсиздигинен иш өндүрүштөн кыскартылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында телекөрсөтүү даярдап жүргөн журналисттин техникалык жабдыгын белгисиз жарандар тартып алышканын жазган.

Окуя 28-сентябрь күнү болгон. Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалган Ы.И. Супаналиев көчөсүндө анын видеокамерасын жана дронун белгисиз адамдар күч менен тартып алышып, үйүнө кирип кетишкенин билдирген. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Ошондой эле Ош ШИИБге Ош шаарында жашаган оператор А.К. («Азаттыктын» өкүлү) арыз менен кайрылган. Ал 22 миң 700 долларга бааланган видеокамераны, штативин, дронун жана анын пультун 4 бейтааныш адам тартып алып, «Лексус» үлгүсүндөгү унаасына салып кетишкенин билдирген.

Ошол эле күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндөгү номуру белгисиз үйдүн тургуну Н.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, 28-сентябрь күнү эртең менен саат 8:00дөн баштап өзү жашаган үйдүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеого тартканын айткан.

Күч менен тартылып алынган техникалык жабдыктар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген жана акт түзүлгөн.

Ошондой эле 28-сентябрь күнү саат 20:24 чамасында Ош ШИИБге аталган окуя боюнча үчүнчү арыз түшкөн. Арыз ээси — Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн тургуну А. уулу О. короодо жүргөн учурда башына дрон түшкөнүн, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген. Дрон аталган адамдын короосун кароо учурунда ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×