Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 03.10.2019 15:36 На русском

Башына 2 жолу ок атылган: Ошто журналисттин өлүмү боюнча кылмыш иши кайра тергелип баштады

Маркумдун окуя болгон күнү кийип жүргөн кийими
Маркумдун окуя болгон күнү кийип жүргөн кийими

Turmush -  Атылган октон каза болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши кайрадан жанданды. Бул тууралуу маркум журналисттин бир тууган иниси Шохрух Саипов билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иштин кайра козголгонун ал Башкы прокуратуранын Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциациясына (IFEX) жолдогон катынан улам билген.

«Бизге кечээ, 2-октябрь күнү кат келди. Ош облустук прокуратурасы ушул жылдын 29-августунда буга чейинки тергөөчүнүн ишти токтотуу тууралуу чечимин жокко чыгарган», - деди Ш.Саипов.

Окуя тууралуу:

А.Саипов 2007-жылы 24-октябрда саат 19:00 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө каза болгон. Анын бутуна бир ирет, башына эки жолу ок атылган. Журналист окуя болгон жерден мерт кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бети ачыла элек.

26 жашында каза болгон маркумдун артында жалгыз кызы, жубайы калган.

Маркум Алишер Саипов

Turmush басылмасы Өзбек тилиндеги «Сиёсат» (кыргызча саясат) гезитин негиздеген маркум Алишер Саиповдун үйүнүн бир бөлмөсү музей болуп ачылганын жазган.

Апасы Зайнабхан Саипова баласы акыйкат үчүн өлгөнүн, анын колдонгон жүз аарчысын ушул күнгө чейин сактап, жытын искеп жүргөнүн билдирген.

2012-жылы дагы жаңы жагдайларга байланыштуу кылмыш иши кайрадан тергеле баштаган. 2010-жылдын башында кылмышка шектүү катары А.Р. деген жаран кармалып, Ош шаардык соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган. Бирок А.Саиповдун атасы Авас Саипов соттун чечимине макул эмес экенин, чыныгы күнөөкөрлөр эркиндикте жүрүшкөнүн билдирген.

Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×