Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 03.10.2019 13:21 На русском

Ошто 12 бала бакчанын жери менчиктештирилип кеткен. Айрымдары мамлекетке кайтарылууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында жеке менчикке берилип кеткен бала бакчалардын төртөө мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында айтылды.

Ош шаарында СССР таркагандан кийин 12 бала бакчанын имараты менчиктештирилип кеткен. Өкмөттүн социалдык мекемелерди кайра мамлекетке кайтаруу жөнүндөгү токтомунун негизинде, 4 бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарылууда.

Бала бакчанын имараты жана 2 гектардай жер Ош мамлекеттик университетине дагы берилген.

«Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш аймагындагы Төрөбек Абакир уулу көчөсүндө жайгашкан 240 орундуу бала бакчанын имаратын бүгүнкү күндө ОшМУ пайдаланып келет. Менин билишимче имарат менчик мектеп катары пайдаланылып, 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларды окутушат. Жер жашылдандыруу үчүн деп берилген. Бирок аталган окуу жайдан багытын имарат куруугаөзгөртүп бергиле деп шаардык кеңешке документтер даярдалып келген. Мен каршымын. Ал аймакта бала бакча дээрлик жокко эсе, эгер имарат кайтарылып алынса шаар тургундарына жакшы болмок. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, медицина тармагындагы, тактап айтканда СПИД дартын алдын алуучу борбордун, онкологиянын хирургия бөлүмүнүн имараттары мамлекетке кайтарылууда. Мэрге да сунуштар айтылды, эгерде 12 бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кайтарып алсак, ал бала бакчаларга 5 миңдей бала бармак. Ошондой эле мектептердин аймагына курулган менчик имараттарды буздуруу керек», - деди шаардык кеңештин депутаты Эсенбек Арзиев.

Ал эми ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиеванын айтымында, аларга берилген бала бакчанын имараты бузулбайт.

«Негизи жеке менчик дегени туура эмес, себеби биз мамлекеттик университетпиз. Ал жерде мектепке чейинки билим берүү борбору балдарды 1-класстан 4-класска чейин окутуп келет. Окуучулардын тамак-ашына, ийримдерге катышуусуна акы төлөнөт. Имаратта 230 бала билим алууда. Быйыл “Билим” лицейинин жанына окуучулар үчүн мектеп-гимназия куруу пландалууда. Буга чейин ОшМУнун алдындагы мектеп-гимназиялар райондорго курулуп келген. Учурда документтери бүтүп, тиешелүү органдардан уруксат алынган», - деди Зинагүл Нуралиева.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын экономика бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова ОшМУга 2 бала бакчанын имараты берилгенин билдирди.

«Ош технологиялык университетине, Кыргыз улуттук университетинин филиалына, дагы башка окуу жайларга өтүп кеткен жерлер, бала бакчалар бар. Бүгүнкү күндө “Билим” лицейинин жери мамлекетке кайтарылган, объект боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу жөнүндө тизмеде ОшМУга берилген бала бакча да бар», - деди Канышай Имарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×