Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 03.10.2019 10:42

Кыргыз-Өзбек университети 25 жылдык мааракесин белгиледи

Turmush -  Ош шаарында Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

1-октябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдык мааракеси, ошондой эле университеттин биринчи ректору, окуу жайдын негиздөөчүсү, академик Мухамеджан Мамасаидовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди. Мааракеге Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан, Өзбекстандан келген коноктор, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек университетинин өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге Жогорку Кеңештин, мэриянын сыйлыктары тапшырылды. Окуу жайдын «Достук» чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгү Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдыгына жана академик М.Мамасаидовдун 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция менен жыйынтыкталды.

Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылдын 1-октябрында студенттерди кабыл алып баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×