Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 03.10.2019 09:54 На русском

«5-6 адам чогулуп, бааны бекитип коёт экенсиңер»: Ошто кымбаттаган эт канча сомдон сатылмай болду? Видео

Turmush -  Ош шаарында эттин баасы төмөндөйт. Бул тууралуу мэриянын жыйынында айтылды.

Ош шаардык мэриясында эттин наркы кымбаттаганына байланыштуу жыйын өтүп, ага биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев, вице-мэр Асылбек Топчубаев, Ош шаарынын айыл аймактык кеңештин төрагалары, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Ош облусу боюнча башчысы, мал союучу жайлардын ээлери, сатуучулар катышты.

Биринчи вице-мэр Саибжан Турдиев Ош шаарынын аймагында эттин баасы 350 сомдон 370 сомго чейин кымбаттап кеткендигин билдирип (уйдун эти), анын себебин эт сатуучулардын ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

«Ош шаарындагы Фрунзе кичи районунан жакында эле 360-370 сомго эт алдым. Шаарга жакын Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Ноокат райондорунда эт 330 сомдон эле сатылууда. Бизде эмне үчүн эт кымбаттап кеткенин ким түшүндүрөт?», - деди С.Турдуев.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Жанболот Айбашев 1 айдын ичинде эттин баасы 20 пайызга кымбаттап кетсе, өкмөттүн токтому менен бааны жөнгө салууга боло турганын, бирок ага чейин эт сатуучулар өздөрү эттин баасын төмөндөтүп турушу керектигин белгиледи. Ал эми сатуучулар учурда 1 кг этти 340 сомдон сатып алып жатышканын, ошондуктан андан төмөн баага сатууга болбой турганын айтышты.

«5-6 адам чогулуп, палоо жейт экенсиңер. Анан ошол жерден өзүңөрчө эле бааны бекитип коет экенсиңер. Силерге андай укукту ким берди? Өзүңөр билип эле бааны көтөрө бересиңерби? Мыйзам деген бар. Элдин чөнтөгүн ойлогула. Андай иштериңер экинчи кайталанбасын», - деди вице-мэр А.Топчубаев.

Жыйында Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы эттин баасын 330 сом кылууну сунуштады. Ал эми биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев ишкерлердин да абалын эске алып, этти 340 сомдон сатуу керек экенин айтты. Жыйынтыгында 1 кг эт 4-октябрдан тарта 340 сомдон сатылмай болду.

Буга чейин Turmush басылмасы шаардык кеңештин жыйынында Ош облусунда коңшу өлкөлөргө семиз малдар чыгарылып жаткандыктан эттин баасы кымбаттаганы айтылганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×