Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 02.10.2019 16:07 На русском

Оштогу дрон чуусу: Милицияга арыз менен кайрылгандардын саны бешке жетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында «Азаттык» радиосунун журналисттери катышкан окуя боюнча милицияга дагы 2 арыз келип түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 28-сентябрда катталган арыздар боюнча иликтөө иштери уланууда. «Азаттык» радиосунун кызматкерлери окуя боюнча көрсөтмө беришти. Далил буюм катары алынган видеоаппаратураларга экспертиза дайындалды. Эксперттер буюмдардын техникалык абалын жана тартылган видео боюнча корутунду чыгарып беришет.

Окуяга күбө болгон адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. «Азаттык» радиосунун операторун Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнө алып барган таксисттин дагы өздүгү аныкталып, көрсөтмө берди. Башынан жаракат алган адам Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

Кечээ, 1-октябрда Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн 1977-жылы туулган тургуну М.Р. Ош ШИИБге арыз менен кайрылды. Ал үй-бүлөсү үчүн кооптонуп жаткандыгын, «Азаттык» радиосунун кызматкерлери менен уюшкан кылмыштуу топтордун байланышы болуп-болбогондугун аныктап берүүнү суранган. Ал үйүнүн видеосу уюшкан кылмыштуу топторго берилип-берилбегенин дагы тастыктап берүүнү суранган.

Ага чейин 30-сентябрь күнү дагы Ош шаарынын тургуну К.С. дагы бир жолу милицияга арыз менен кайрылып, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ы.И. андан ири суммадагы акча талап кылганын билдирген жана күбө катары 2 адамды ээрчитип келген. Анын арызы Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул иш боюнча мурда токтотулган кылмыш иши кайра жанданды. К.С.нын ушул жылдын 4-апрелинде дагы ушундай эле мазмундагы арыз менен милицияга кайрылган. Бирок далилдердин жетишсиздигинен иш өндүрүштөн кыскартылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында телекөрсөтүү даярдап жүргөн журналисттин техникалык жабдыгын белгисиз жарандар тартып алышканын жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирүү тараткан.

Окуя 28-сентябрь күнү болгон. Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалган Ы.И. Супаналиев көчөсүндө анын видеокамерасын жана дронун белгисиз адамдар күч менен тартып алышып, үйүнө кирип кетишкенин билдирген. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Ошондой эле Ош ШИИБге Ош шаарында жашаган оператор А.К. («Азаттыктын» өкүлү) арыз менен кайрылган. Ал 22 миң 700 долларга бааланган видеокамераны, штативин, дронун жана анын пультун 4 бейтааныш адам тартып алып, «Лексус» үлгүсүндөгү унаасына салып кетишкенин билдирген.

Ошол эле күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндөгү номуру белгисиз үйдүн тургуну Н.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, 28-сентябрь күнү эртең менен саат 8:00дөн баштап өзү жашаган үйдүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеого тартканын айткан.

Күч менен тартылып алынган техникалык жабдыктар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген жана акт түзүлгөн.

Ошондой эле 28-сентябрь күнү саат 20:24 чамасында Ош ШИИБге аталган окуя боюнча үчүнчү арыз түшкөн. Арыз ээси — Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн тургуну А. уулу О. короодо жүргөн учурда башына дрон түшкөнүн, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген. Дрон аталган адамдын короосун кароо учурунда ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×