Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 02.10.2019 13:37

Ошто көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн тынымсыз суу агып, жаракалар пайда болду. Видео

Turmush -  Ош шаарындагы Ош көчөсүндө жайгашкан №20 көп кабаттуу үйдүн бир капталы жерге чөгүп, дубалында жаракалар пайда болду. Бул тууралуу аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Ырысбүбү Курмушова билдирди.

Анын айтымында, аталган көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө таза суунун түтүгү жарылып, 1 жылдан бери суу тынымсыз агып жатат. Анын кесепетинен үйдүн бир жак капталы оой баштаган.

«Бул жерден батир сатып алганыма 1 жылдан ашты. Мен көчүп келгенде жер төлөдө суу агып жатканын байкап, тынчсыздана баштадым. Аккан суу кайра эле жерге сиңип жатат. Ошондуктан биз жашаган подъезддин биринчи кабатынан баштап бешинчи кабатына чейин жаракалар пайда болду. Имарат бир капталга ооп бара жаткандай. Бул боюнча шаардык суу чарба башкармалыгына жана муниципалдык турак жай ишканасына кайрылдык. Домкомго да айттык. Бирок жыйынтык жок. Качан урап түшөт деп жашагандан да коркуп калдык», - дейт Ырысбүбү Курмушова.

Ошол эле көп кабаттуу үйдүн тургуну Айбек Үсөналиев подъезддеги жаракалар чоңоюп бара жатканына токтолду.

«Биз жеке сантехниктерди чакыртып оңдотолу десек, алар сууну токтотуш керектигин айтышты. Алардын айтымында, сууну 1 саатка токтотуп туруу үчүн Ош шаардык суу чарба башкармалыгына 6 миң сом төлөшүбүз керек экен. Андан кийин ширетүүчү келип оңдоп берет экен, анын эмгек акысы 8 миң сом болот дешти.

Муну эмне кылуу керек? Жол көрсөткөн киши жок. Шаардык суу чарба башкармалыгына кайрылсак, Шаардык турак жай коммуналдык чарба ишканасына кайрылгыла дейт. Аларга кайрылсак, суу чарба башкармалыгына кайрылгыла дейт. Жанагы эле атаңа бар, энеңе бар болуп жатат», - деди Айбек Үсөналиев.

Ал эми «Ош шаардык турак жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Эркин Аралиев көп кабаттуу үйдөгү түтүктүн суу токтотуучу бурамалары иштебей калгандыктан, жарылган түтүктү оңдой алышпай турганын билдирди. Анын айтымында, иштебей калган суу токтотуучу бурамалар шаардык суу чарба башкармалыгына тиешелүү.

«Биз ал түтүктөрдү оңдоо үчүн сууну токтотушубуз керек. Түтүктөрдүн бурамалары иштебей калган. Бурамалар Ош шаардык суу чарба башкармалыгына карайт. Азыр бул боюнча №20 көп кабаттуу үйдүн домкомуна түшүндүрдүм. Ал Ош шаардык суу чарба башкармалыгына кат менен кайрылат. Ал ишкана кайсы күнү сууну токтотуп берсе, биз ошол күнү түтүктөрдү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беребиз. Мен бул боюнча тактап көрсөм, ал жердеги жашоочулардын биз менен келишими жок экен. Мындайча айтканда, бизге ар бир батир айына көп болсо 150 сомдон төлөп турушу керек. Жашоочулар да мындай учурларда кайдыгер мамиле жасап жатышат», - деди Эркин Аралиев.

Ал өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери Ош шаарында 30 пайыз гана суу түтүктөрү жаңыланганын кошумчалады. Түтүктөр жарылып же авариялык абалга келгенде гана алмаштырылат.

Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын адиси Султан Айылчиев сууну токтотуу үчүн эч кандай акча төлөнбөй турганын айтты. Ал жарылган түтүктөрдү оңдоо үчүн башкармалык сууну токтотуп берүүгө милдеттүү экенин билдирди.

«Мага бул боюнча кат келип түштү. Эгерде №20 үйдүн домкому “Ош шаардык муниципалдык турак жай коммуналдык чарба" ишканасы менен келишим түзүп, кассага акчасы толук төлөнгөндөн кийин кайра биз менен байнанышса, бир күн мурун ошол жердин жашоочуларына эскертип, сууну токтотуп беребиз. Акча төлөп бермейинче шаардык муниципалдык турак жай ишканасы түтүктөрдү оңдоп бербейт. Биздин милдет — сууну токтотуп берүү. Сууну токтотуу үчүн эч кандай акча алынбайт. Жөн гана тургундарга эскертүү берилет», - деди Султан Айылчиев.

Аталган көп кабаттуу үйдүн домкому Гүлсара Муратова жер төлөдөгү жарылган түтүктөрдөн аккан сууну көргөнүнө 15 күн болгонун билдирди. Анын айтымында, бир дагы ишкана жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбей жатат.

«Кечээ шаардык муниципалдык турак жай коммуналдык ишканасына бардым. Жагдайды түшүндүрүп айтсам, кассага акча төлөсөңөр жасап беребиз деп айтышты. Сметасын түзүштү, 29 миң 99З сом болуптур. Бул акчаны эми жашоочулардан топтошум керек. Акчаны кассага төлөгөн учурда гана оңдоп беришет экен. Ага чейин агып тура береби? Андан соң Ош шаардык суу башкармалыгына барып, биз айткан күнү токтотуп бересиңер деп айтсам, “жок, сиз бүгүн арыз жазыңыз, бүгүн токтотобуз” деп көнбөй коюшту. Эки ишкананын ортосунда чуркап жүрүп башым айланып калды», - деди Гүлсара Муратова.

Аталган көп кабаттуу үйдө 70 батир бар. Ар бир подъездде 15тен батир жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×