Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 02.10.2019 08:28

Өзгөндө карыларга сый тамак уюштурулду

Turmush -  Өзгөн районунда 90 жаштан ашкан карыларга сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы билдирди.

Кечээ, 1-октябрда 90 жаштан ашкан карыларды Өзгөн шаарынын мэри Муктаржон Халматов кабыл алып, акчалай сыйлыктарды да тапшырган. Мындан сырткары Өзгөн шаарынын өнүгүшүнө салым кошкон улгайган адамдар Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган сый тамакка чакырылды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева (КСДП) жана Жогорку Кеңештин депутаты Нодырбек Каримов (КСДП) катышты.

Жалпысынан 33 карыяга 1000 сомдон берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×