Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 02.10.2019 08:14

Ошто милициянын ардагерлери сыйланды

Turmush -  Ош шаарында ички иштер органдарынын ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Кечээ, 1-октябрь күнү Ош ОИИБдин жетекчилиги Эл аралык карылар күнүнө карата ички иштер органдарында кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге акчалай сыйлык жана азык-түлүктөрдү тапшырды.

Мындан сырткары Ош ОИИБдин жетекчилиги төшөктөн тура албаган 5 ардагерден кабар алышты.

Ош ОИИБде жалпы 80ден ашуун ардагер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×