Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2019 16:52

Ошто 113 миң пенсионер бар: Ардагерлерди сыйлоо аземи

Turmush -  Ош облусунда ардагерлер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Ош облусунун райондорунан келген ардагерлер сыйланды. Иш-чарага ар бир райондон төрттөн ардагер, тактап айтканда социалисттик эмгектин баатырлары, айыл чарба жана өнөр жай тармагында үзүрлүү эмгектенгендер жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери чакырылган.

Салтанаттуу иш-чарада Ош облусунда 113 миң пенсионер бар экени айтылды. Алардын 36сы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 1,5 миңден ашык пенсионер — тылда эмгектенгендер.

«Бүгүн өлкө боюнча карылар күнүн белгилеп жатабыз. Биз өзүбүздүн облустагы атактуу инсандарды чакырып, аларга белектерибизди, жылуу сөздөрүбүздү айтып жатабыз. Бул инсандар өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошушкан», -деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×