Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2019 15:26

Өзгөндө эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар сыйланды

Turmush -  Өзгөн шаарында спортчулар сыйланды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынын жаштар иштери жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Сабырбек Калбердиев билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айында Ташкент шаарында өткөн спорттун кикбоксинг түрү боюнча мелдешти жеңип алган Өзгөн шаарынын тургуну, эл аралык спорттун чебери Икбол Фазылжан уулу жана Түштүк Кореяда өткөн уруш өнөрү боюнча дүйнө чемпионатында алыш күрөшү боюнча алтын медаль тагынган Өзгөн шаарынын тургуну Бактияр кызы Нурзат менен Өзгөн шаарынын мэри Муктаржон Халматов жана шаардык кеңештин депутаттары жолугушту. Аны менен катар спортчуларга ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×