Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2019 13:18 На русском

Ошто ардагер офицерлердин жубайлары сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ардагер милиционерлердин жубайлары төш белги менен сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

30-сентябрда Ош ШИИБдин башчысы Муратбек Боронов өздүк курамдын катышуусунда ардактуу эс алуудагы ички иштер органдарынын 8 ардагеринин жубайларына «Офицердин жубайы» төш белгисин тапшырды.

«Сиздерге Ички иштер министрлигинин төш белгисин тапшырып жатып ыраазычылыгымды билдирем. Анткени сиздердин колдооңуздар менен биздин ардагерлер убагында милдетин ишенимдүү аткарып жүрүштү», - деди Муратбек Боронов.

«Офицердин жубайы» төш белгиси ИИМдин ардагерлер кеңешинин сунушу менен жана ИИМдин буйругунун негизинде коомдук коопсуздукту сактоого активдүү салым кошкон ардагер офицерлердин жубайларына берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×