Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2019 08:33

Ош шаары кышка толугу менен даяр

Turmush -  Ош шаарындагы отказандар (котельная) кышка толугу менен даяр. Бул тууралуу кечээ, 30-сентябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ шаар жетекчилиги Анар жана Кулатов кичи райондорундагы отказандардын абалын текшерип чыкты. «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбердиев бардык 83 отказан кышка даяр экендигин билдирди.

«Анар-1» отказаны Анар кичи районундагы көп кабаттуу 19 үйдү жылуулук менен камсыздайт. Кулатовдогу отказан 28 үйдү камсыздайт. Көмүр 100% даярдалды», - деди Кадырбердиев.

«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасындагы 83 отказандын 64ү көмүр менен, 18и электр энергиясы менен, бирөөсү газ менен жылытылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×