Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 30.09.2019 18:05 На русском

Эс алып жаткан ата-энелер балдарынын денесин көлмөдөн табышты. Оштогу трагедия

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде 2 бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Кечээ, 29-сентябрь күнү саат 14:50 чамасында Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында Ош шаарынын 2015-жылы туулган тургуну А.С. жана Ноокат районунун 2013-жылы туулган тургуну С.И. көлмөгө түшүп жатып чөгүп кетишкен.

Эс алуучу жайдын администрациясы аталган жай иштебей турганына карабай балдар темир тосмодон секирип киришкенин билдирди. Ата-энелер балдарын издеп жүрүп, жансыз денелерин көлмөдөн табышкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан аталган окуяны тастыкташты. Алардын маалыматына караганда, 103 кызматынан (тез жардам) 102 кызматына (милиция) саат 13:50дө аталган окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Сууга чөккөн балдардын ата-энелери аталган жайга эс алууга барганы белгилүү болду. Балдары ойноп жатып, кокусунан тосмо менен тосулган балык багылган көлмөгө түшүп кетишкен. Балдардын денесин суудан ата-энелери алып чыгышып, тез жардам кызматына маалымдашкан. Бирок балдар тез жардам кызматы жеткенге чейин эле каза болуп калышкан. Ата-энелер балдарынын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×