Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 30.09.2019 13:30 Жаңыланды: 13.10.2019 13:01

Эгиздер: Эрзат менен Нурзаттын ыйы жанаша жаткырганда дароо басылчу (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну Кыздаркан Шамшиева 11 жаштагы Эрзат жана Нурзат аттуу эгиз балдары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Эрзат 2,5 кг 80 гр, Нурзат 2,5 кг 30 гр салмакта төрөлгөн.

«Эгиз экенин жана бири уул, экинчиси кыз экенин билип, аябай кубангам. Биз үчүн күтүүсүз белек болду. Жаңы төрөлгөндө экөөнү эки жагыма алып жатчумун. Бир күнү экөө тең катуу ыйлашты. Анан экөөнү жанаша жаткырып койсом дароо эле басылып, 3 саат бою ойгонбой укташты. Ошондон кийин бөлбөй калгам. Эрзат тың, ачык-айрым, адамдар менен менен бат тил табышат. Нурзат жоош, бирок айтканынан кайтпайт.

Эки жашынан баштап бала бакчага барышты. Автобуска түшкөндө Эрзат айдоочуга "музыка коюп койчу, угуп баралы" деп айтчу. Ичиндегилер күлүп калышчу. Азыр чоңоюп калышты, экөө 5-класста окуп жатышат.

Эрзат "чоңойгондо спецназ болом, сизди ажылык сапарга алып барам, унаа алып берем" деп мени кубантат. Ал эми Нурзат дарыгер болгусу келет», - дейт Кыздаркан Шамшиева.

Жалгыз бой эненин жалпы 4 уул, 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×