Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 30.09.2019 16:15 На русском

Турмушка чыккан Гүлзардын үйүнө 2 күндөн кийин барган Гүлнар же бир кыздын «апасы» болгон эгиздер

Гүлнар жана Гүлзар
Гүлнар жана Гүлзар

Turmush -  23 жаштагы эгиз кыздар Гүлнар менен Гүлзар Ош шаарында төрөлүп, ушул шаарда өсүшкөн. Бир туугандар Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин дизайн адисти боюнча артыкчылык диплом менен окуп бүтүрүшкөн. Учурда ОшМУнун юридикалык факультетинде билим алып жатышат. Эгиз кыздар менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлнар менен Гүлзар бири-биринин мүнөзү, табиттери окшош экенин айтышты.

«Биз төрөлгөндө ата-энебиз адаштырып албайлы деп колубузга тагылган бирканы көпкө чейин чечпей жүрүшүптүр. Жуунтуп бүткөндөн кийин колубузга кайра бирканы тагып койчубуз деп калышат. Апам кимиси улуусу, кимиси кичүүсү экенин кантип айырмалайм деп жүргөндө менде кал пайда болуп, ошол кал аркылуу айырмалап, бирканы чечишиптир. Упчуларыбызды эки башка түстө алышчу. Апам түндө бирөөбүздү кайра-кайра эмизип алганын көп айтып калат.

Бала кезибизде кошуна балдардын баары коркушчу, себеби аларды Гүлнар экөөлөп уруп койчубуз. Гүлнар экөөбүз бөлөк-бөлөк дос күткөн жокпуз. Анын достору — менин досторум. Туугандарыбыз, досторубуз бизди айырмалай деле алышпайт. Досторубуз адаштырып алышса сүйлөшө беребиз.

Бир жолу жогорку окуу жайда окуп жатканда декан тайпадагы студенттерди толуктап калды. Шеригим Гүлнар ошол күнү сабакка катышкан эмес. Үнүбүз окшош болгондуктан Гүлнардын кезеги келгенде ордумду алмаштыра коюп, анын ордуна “мен” деп жооп берип койгом. Декан да, мугалим да байкабай калышкан», - деди Гүлзар Сулайманова.

Эгиз кыздар окшош кийингенди жакшы көрүшөт.

«Көбүнчө эгиздердин бири шайыр, бири түнт болушат. Биз экөөбүз тең адам менен бат тил табышабыз. Табитибиз да окшош. Кичинекей кезибизде апамдар ар түрдүү түстөгү кийим алып келишип, биринчи Гүлнарга, анан мага тандатышчу. Бирок экөөбүз тең дароо бир кийимди кармачу экенбиз. Азыр да окшош кийинебиз. Бирибиз оорусак, экинчибиз да ооруйбуз.

Мен турмушка чыкканда бири-бирибизди эң узак убакыт көрбөй калганбыз. Ошол учур экөөбүзгө тең оор болгон. Эгизим чыдабай, 2 күндөн кийин мени көргөнү келип калган.

Учурда 1 жаш 9 айлык кызым бар. Социалдык тармактан эгиздердин баласы апасын айырмалай албай калган видеону көрүп, биз да кайталап көрдүк. Гүлнар экөөбүз окшош кийинип, кызыма эшикте ойноп жүргөн жеринен бардык. Ал чочуп кетип, апалап бир мага, бир Гүлнурга чуркайт. Азыр кызым экөөбүздү тең апа дейт», - деди Гүлзар Сулайманова.

Гүлнар менен Гүлзар учурда кийим тигүү тармагында дизайнер болуп эмгектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×