Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 30.09.2019 10:57 На русском

Ошто «Лексус» менен келип, журналисттердин техникасын тартып алган адамдардын өздүгү аныкталды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  «Азаттык» радиосунун операторунун техникасын тартып алган адамдардын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы 28-сентябрда «Азаттык» радиосунун журналисттери жана Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн жашоочулары катышкан окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин Ош ШИИБге 3 арыз түшкөн. Учурда «Азаттык» радиосунун операторунун техникаларын тартып алган адамдар аныкталып, көрсөтмө берип жатышат. Техникалар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аларга ээлери менен бирге кароо жүргүзүлөт жана тартылган видео, сүрөттөр болсо атайын экспертиза дайындалат.

«Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго алган жаракатын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ошондой эле башына дрон түшүп кеткен Супаналиев көчөсүнүн жашоочусуна дагы экспертиза дайындалып, күбө катары суракка алынды.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында телекөрсөтүү даярдап жүргөн журналисттин техникалык жабдыгын белгисиз жарандар тартып алышканын жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирүү тараткан.

Окуя 28-сентябрь күнү болгон. Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалган Ы.И. Супаналиев көчөсүндө анын видеокамерасын жана дронун белгисиз адамдар күч менен тартып алышып, үйүнө кирип кетишкенин билдирген. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Ошондой эле Ош ШИИБге Ош шаарында жашаган оператор А.К. («Азаттыктын» өкүлү) арыз менен кайрылган. Ал 22 миң 700 долларга бааланган видеокамераны, штативин, дронун жана анын пультун 4 бейтааныш адам тартып алып, «Лексус» үлгүсүндөгү унаасына салып кетишкенин билдирген.

Ошол эле күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндөгү номуру белгисиз үйдүн тургуну Н.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, 28-сентябрь күнү эртең менен саат 8:00дөн баштап өзү жашаган үйдүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеого тартканын айткан.

Күч менен тартылып алынган техникалык жабдыктар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген жана акт түзүлгөн.

Ошондой эле 28-сентябрь күнү саат 20:24 чамасында Ош ШИИБге аталган окуя боюнча үчүнчү арыз түшкөн. Арыз ээси — Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн тургуну А. уулу О. короодо жүргөн учурда башына дрон түшкөнүн, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген. Дрон аталган адамдын короосун кароо учурунда ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×