Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.09.2019 16:17

Ошто 13 жаштагы баланын өпкөсүнөн ышкырык операциясыз алынды. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 13 жаштагы баланын өпкөсүнөн ышкырык операциясыз алынды. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Кыял Ташполотов билдирди.

Бүгүн, 7-сентябрда Жалал-Абад шаарынан келген 13 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсүнөн бөтөн зат алынган.

«Бул бейтап бизге жөтөлүп жана дем алуусу начарлап келген. Оорулуу шашылыш түрдө өпкө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалына карап наркоздун жардамында бронхоскопия процедурасы жасалып, оң жак өпкөсүнөн бөтөн зат (ышкарык, көлөмү 1,8×07 см) ийгиликтүү алынды. Учурда баланын абалы канааттандырарлык», - деди ал.

Буга чейин аталган ооруканада ар түрдүү буюмдарды жутуп алган балдарга да операциясыз жардам көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×