Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.09.2019 13:10

ОшТУда билим берүүнүн жаңы интерактивдүү ыкмасы колдонулат

Turmush -  Ош технологиялык университетинде окутуунун жаңы интерактивдүү (эки тараптуу) ыкмасы колдонулат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

ОшТУнун «Интеллект» өнүктүрүү борбору тарабынан окуу жайдын окутуучуларына «FIRST» аталышындагы 4 күндүк тренинг өткөрүлүп жатат. Борбордун координатору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Сайпидин Умаровдун айтымында, иш-чара «NAMA» эл аралык уюмунун жардамы менен уюштурулуп, анын алкагында билим берүүнүн дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы уникалдуу методикасы үйрөтүлөт.

Тренингге 20 окутуучу катышып, аларга атайын чакыртылган тажрыйбалуу тренерлер сабак өтүүдө. Анын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, баалуу белектер ыйгарылат.

Тренинг ROOTS программасынын алкагында уюштурулууда. Окутуу кечээ, 5-сентябрь күнү башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×