Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.09.2019 18:28

Оштун борбордук көчөсүндөгү кудуктун капкагы кооптуу абал жаратууда, - жашоочу (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү кудуктун капкактары айдоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Шахрух Иминжанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, сүрөттөрдү жүктөдү.

Анын айтымында, кудуктардын капкактарындагы чоң көлөмдүү болттор автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жарып, кудуктан качам деген айдоочу башкалар үчүн кооптуу абал жаратууда.

Ал эми Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов аталган көчөдөгү кудуктар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын билдирди.

«Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө убактылуу коюлган кудуктун капкактары бар. Аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңылоо иштери жүрүп жатат. Шаардагы кудуктардын капкактарынын баары ишеничтүү жана айдоочуларга эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт», - деди Арзыбек Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×