Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.09.2019 15:09

Ош шаарындагы соода борбор өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Turmush -  Ош шаарындагы «Келечек» соода борбору өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрдагы текшерүү учурунда белгилүү болду.

Ош шаардык мэриясынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан шаардын борборунда жайгашкан «Келечек» соода борбору текшерүүгө алынды. Анын алкагында өрт өчүрүү унаасы соода борбордун ичине кире алган жок. Өрт коопсуздугу сакталбаган «Келечек» соода борборунун администрациясына унаа кирүүчү жолдорду кеңейтүү үчүн 5 күн мөөнөт берилди. 5 күндүн ичинде унаа кирүүчү жолдон тоскоолдуктар алынбаса, Мамэкотехинспекция тарабынан базардын жетекчисине айып пул салынат.

«Соода борбор 2012-жылдан бери иштейт. Ошондон бери 1 жолу өрт кырсыгы катталып, анда өрттү 20 мүнөттүн ичинде өрт өчүргүчтөр өчүрүп жетишишкен. Биз ӨКМ жана Мамэкотехинспекциянын талаптары боюнча жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз», - деди «Келечек» базарынын администратору Бекболот Бекташов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×