Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.09.2019 11:41

ОшТУда Билим күнү салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Ош технологиялык университетинде Билим күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

2-сентябрь күнү М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде Билим күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Ага университеттин жетекчилиги, окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Салтанаттын башында ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана студенттер! Сиздерди Билим күнү менен куттуктайм жана өзгөчө 1-курстун студенттерине, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирем. Анткени сиздер жогорку билимди Муса Адышевдин ысымын алып жүргөн Ош технологиялык университетинен алганы жатасыздар. Биздин университетти тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Жаңы окуу жылында университетибизде жаңы жетишкендиктер жана ийгиликтер көп болсун», - деди ректор.

Иш-чаранын соңунда ОшТУнун маданий эстетикалык борборунун студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×