Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2019 14:54 На русском

Ошто мамлекеттик кызматкерлерге ипотекага берилүүчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Turmush -  Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык негизде бериле турган 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Анын пайдубалына мэр Таалайбек Сарыбашов капсула салды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

80 батирлүү турак үй мамлекеттик кызматкерлерге кандай шартта берилерин мэриянын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманаалы Абдрахман уулу айтып берди.

«Көп кабаттуу үйдүн 8 кабаты турак-жай, ал эми 1-кабаты техникалык кабат болуп эсептелет. Жер төлөсү унаа токтотуучу жай болот. Сырткы жасалгасы көп жылдарга чыдаган суюк травертин менен кооздолот. Короосу жана подъезди күн энергиясы аркылуу жарыктандырылат. Үй кимдерге бериле турганы шаардык кеңештин программасында каралган. Биринчиден, батир ала турган адам Ош шаарынын тургуну болушу керек. Экинчиден, үй-бүлөсүндө кыймылсыз мүлккө ээ болгондор жок болуп, ипотеканы төлөөгө туруктуу кирешеси болушу керек», - деди Кутманаалы Абдрахман уулу.

Долбоордун тендердик баасы 166 млн 850 миң сомду түзгөн. Болжол менен 1 чарчы метр аянты 316 долларга жасалат. 1 бөлмөлүү 32 батир, 2 бөлмөлүү 32 батир, 3 бөлмөлүү 16 батир курулат.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда ипотекалык негизде бериле турчу экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушуна 149 млн сом акча бар. Курулуш иштерин баштоо үчүн жер тилкесин тактоо жана долбоорлоо иштери жүрүүдө.

Курулуш иштери Курманжан датка көчөсүнүн №21 дарегинде жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×