Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2019 13:21 На русском

Үй камагына чыккан Дүйшөнкул Чотонов Ошто түлөө өткөрдү. Сүрөт

Экс-министр Дуйшонкул Чотонов
Экс-министр Дуйшонкул Чотонов

Turmush -  Абактан үй камагына чыгарылган Дүйшөнкул Чотоновго айылдаштары Ош шаарында түлөө өткөрүп жатышат. Бул тууралуу коомдук уюмдун төрагасы Керим Акеев билдирди.

Анын айтымында, Д.Чотонов абактан аман-эсен үй камагына чыгарылганына байланыштуу айылдаштары, туугандары түлөө өткөрүүдө. Ал бул иште эч кандай саясат жок экенин билдирди.

Дүйшөнкул Чотонов айылдаштарына, туугандарына ыраазычылык билдирип, туугандарына жолугуу үчүн атайын уруксат алганын кошумчалады. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Искендер Гаипкулов коштоп жүрөт.

Мурдагы элчи (2011-2015-ж) жана мурунку өзгөчө кыдаалдар министри (2010-ж) Дүйшөнкул Чотонов жана «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 29-август күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен сот залынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

29-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку депутат Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган.

21-августта Жогорку сотто мурунку депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Д.Чотоновго карата козголгон кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот отуруму өткөн. Сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ишин кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Жогорку соттун токтому менен Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго карата чыгарылган Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы, Жогорку соттун 2017-жылдын 21-ноябрындагы жана 2019-жылдын 3-майындагы өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Жактоочулар Жогорку соттон Өмүрбек Текебаев менен мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү суранышкан.

-------------------------------------------------------------

2019-жылы 3-майда Жогорку соттун соттук коллегиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Соттук коллегия Кылмыш-процесстик кодексинин 384-389-беренелерин жетекчиликке алып, токтом чыгарган. Токтомдо: «Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемесинин башчысы Мамбетовдун соттолуучу Өмүрбек Текебаевге карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо сунушу жана анын кызыкчылыгын жактаган жактоочулар Жаныбеков, Асманбаевдин арыздары, жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин башчысы Сатыбалдиевдин соттолгон Дүйшөн Чотоновго карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо жөнүндө сунушу канааттандырылсын. Соттук акциялардын бөлүмүнөн соттолгон Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөн Тезекбаевичке карата колдонулган үй-мүлкүн конфискация кылуу жазалары алынсын. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылсын. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт», - деп айтылат.

-------------------------------------------------------------

Ө.Текебаев 2017-жылы 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×