Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 03.09.2019 08:48

Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүн асфальттоо иштери башталды

Turmush -  Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин жер астындагы суу түтүктөрдү жаңылоо иштери аткарылган. Эми 2 км 400 метр жол асфальтталып, ирригациялык жаңы лотоктор орнотулат. Заманбап аялдамалар да курулат. Жол 20 метрге чейин кеңейтилип, 2 тарабына тротуар куруу пландалган. Көрктөндүрүү иштери аткарылып, түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Аталган курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.

Буга чейин июль айында А.Шакиров көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу 4 айга жабыла турганы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×