Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2019 16:03

Ак-Буура суусуна 11 жаштагы кыз чөгүп кетти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ак-Буура дарыясына 11 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

28-август күнү Ош шаарынын С.Касымбеков көчөсүндө жайгашкан базардын жанынан Ак-Буура суусуна 2008-жылы туулган Б.К. чөгүп кеткен. Ал Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Маале айылынын тургуну болчу.

Жаңы-Маале айылынын башчысы Умидилло Нармурзаевдин айтымында, кыз сууга түшкөнү барган.

«Кыз сууга түшүп жатып чыга албай калган. Кыйкырып жардамга чакырган. Тилекке каршы чоң балдар барып куткарганча кыз каза болуп калган», - деди У.Нармурзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×