Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2019 14:46

Эгемендүүлүк майрамы: Ош шаарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Turmush -  Ош шаарынын борбордук аянтында эртең, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери саптык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Иш-чарага Ош ШИИБдин атайын багыттагы бөлүгү, ички аскерлердин өздүк курамдары катышты. Анын алкагында кызматкерлердин майрамдык салтанатка карата даярдыгы текшерилип, мурда жасалган кылмыштар боюнча багыттамалар берилди. Кызматкерлер коомдук жайлардагы тартипти сактоо үчүн бөлүнүп, аларды көзөмөлдөөгө кураторлор бекитилди.

Ош ШИИБдин башчысы Муратбек Бороновдун айтымында, Эгемендүүлүк майрамында жана жаӊы окуу жылынын башталышына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

«Шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо — биздин башкы милдетибиз. Муну ар бир кызматкер билип, чын дилден кызмат өтөөгө тийиш», - деди Муратбек Боронов.

Ошондой эле саптык кароо учурунда айрым милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара милиционерлердин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×