Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2019 17:18 На русском

Оштогу рейдде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Turmush -  Ош шаарында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча өткөрүлгөн рейддин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарында кылмыштуулукту алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. 26-27-август күндөрү коомдук коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте рейд жүргүзүлгөн.

Анын алкагында:

- Ош шаарында жашап, криминалдык чөйрө менен байланышы болушу мүмкүн делген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

- Терезелери мыйзамсыз караӊгылатылган 28 автоунаа айып короого киргизилип, айдоочуларына айып пул салынды;

- Айрым кымбат баалуу автоунаалардын идентификациялык номурлары документтерине дал келбей (VIN) шек жараткан 11 унаа кошумча текшерүүгө алынды;

- Издөөдө жүргөн 5 адам кармалып (алардын бири ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары катталган), 2 дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жерлери аныкталды.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында коомдук тартипти коргоого жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган рейддер уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×