Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 27.08.2019 17:38

Ошто мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда маданий сынак өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-август күнү Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин арасында «Ырдайлы кыргыз ырларын, ачалы достук сырларын» аттуу кароо-сынак өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков билдирди.

Анын айтымында, сынакка шаардагы 6 муниципалдык аймактык башкармалыктын жана 1 айыл аймактын кызматкерлери катышууда.

«Буга чейин маданий иш-чараларга жөнөкөй жашоочулар катышып келсе, бүгүнкү иш-чаранын өзгөчөлүгү — сынак аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда болуп жатат. Сынакта катышуучулар саламдашуу, музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдоо, улуттук бий, элдик оозеки чыгармаларды аткаруу, жеке номур, элдик макал-лакаптарды айтышуу, хор программалары боюнча жарышат. Максатыбыз — көп улуттуу аймактык башкармалыктарда мамлекеттик тилди жайылтуу, кызматкерлер арасындагы достукту бекемдөө. Аталган маданий иш-чара мамлекеттик кызматкерлердин арасында алгачкы жолу өткөрүлүп жатат», - деди Зуур Амирбеков.

Сынакта баш байгеге 25 миң сом, 1-орунга 20 миң сом, 2-орунга 15 миң сом жана 3-орунга 10 миң сом каралган. Активдүү катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар, тактап айтканда ар бирине 5000 сомдон акчалай байге берилет.

Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 1 айыл аймак бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×