Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 27.08.2019 16:34 На русском

Ажылык сапарда 3 кыргызстандык каза болду: Сөөгү Меккеде коюлган адам бейишке киреби? Казынын жообу

Мекке шаары
Мекке шаары

Turmush -  Ушул жылы Сауд Арабиянын Мекке шаарына ажылык сапарга барган Кыргызстандын 3 жараны каза болгон. Маалыматка караганда, алардын экөө эркек киши, бирөө аял киши болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Маркумдардын жакындары алар буга чейин ооруп жүрүшкөнүн айтышкан. Ал эми Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ажылык сапарда каза болгон адамдардын сөөгү Мекке шаарында калса, алар бейишке кирет деген түшүнүк туура эмес экенин билдирди.

«Каза болгон кыргызстандык жарандардын экөө Жалал-Абад облусунун тургундары болчу. Алардын бири Сузак районунун, экинчиси Ноокен районунун жашоочулары. Ал эми үчүнчү маркум — Баткен облусунун тургуну. Маркумдардын сөөгү Меккеде коюлса сооп болот же бейишке кирет деген түшүнүк туура эмес. Ажылык сапарда каза болуп, ошол жактан жаназасы окулса (сөөгү жерге берилбей), сооп болот деп айтылганы туура. Меккеде 1 күн окулган намаз 100 күн намаз окуганга барабар. Ушуларды гана эске алуу керек», - деди казы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Ал быйыл ажылык сапарга Ош шаарынан 668 адам барганын кошумчалады.

10-августта «Баракелде» басылмасы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен Сауд Арабиянын Мекке шаарында Кыргызстандын 3 жараны каза болгонун жазган. Маалыматка караганда, маркумдардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилген.

Кыргызстандын жарандары үчүн бул жылы ажылык сапарга барууга Сауд Арабия тарабынан 6010 орун берилген. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 17-августта саат 22:28де Жидда—Бишкек багыты боюнча Кыргызстанга кайтып келишкен. Ал эми акыркы топ өлкөгө 1-сентябрда Медина—Ош каттамы менен кайтып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×