Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 27.08.2019 08:20

Ош шаарындагы кварталдарга жаңы электр мамылары орнотулду

Turmush -  Ош шаарындагы 222-223-кварталдарда жаңы трансформаторлор жана электр мамылары орнотулду. Бул тууралуу кечээ, 26-августта мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ мэриянын өкүлдөрү аткарылган иштер менен таанышып чыккан.

Ош РЭСтин маалыматына караганда, аталган райондордо жогорку чыңалуудагы 1150 метр электр зымы тартылып, 22 мамы орнотулду. 222-кварталдын бардык көчөлөрү жаңы электр мамылары менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×