Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 26.08.2019 14:32 На русском

Видео — Ош шаарында турак үй өрттөнүп жатат

Turmush -  Ош шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, Ош шаарындагы Якубов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Аны өчүрүүгө саат 12:45те Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 2, саат 12:56да Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 (жалпы 4 бөлүм) тартылган. Мындан сырткары саат 13:10дө куткаруучулардын ыкчам тобу тартылды.

Өрт саат 13:27де чектөөгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×