Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 23.08.2019 18:34

Ошто дарыяга чөгүп жаткан адамды куткарып калган милиционерлер сыйланды

Turmush -  Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында чөгүп жаткан адамды куткарып калышкан милиция кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын өзүнчө батальонунун взвод командири Нургазы Жетимишов билдирди.

Анын айтымында, Ош ШИИБдин ыкчам кызматынын башчысы Т.Нурбаев ардак грамоталарды тапшырды.

«Биз Ак-Буура дарыясына чөгүп жаткан аравандык адамды куткарганбыз. Бул үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматынын башчысы Т.Нурбаев ардак грамоталарды тапшырды», - деди Жетимишов.

Буга чейин Ош шаарында милиция кызматкерлери Ак-Буура дарыясына агып бара жаткан адамды куткарып калышканын ШИИБден билдиришкен болчу.

4-август күнү саат 17:00 чамасында Ош ШИИБдин кайгуул батальонунун кызматкерлери Ак-Буура дарыясында агып бара жаткан адамды көрүп, аны куткарып калышкан. Милиционерлер сууда агып бара жаткан адамды жээкке чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жасалма дем алдыруудан кийин сууга аккан адам эс-учуна келип, тез жардам кызматы алып кеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×